FIFA Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгында рекорддук киреше тапты

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгында рекорддук киреше тапты. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланган отчетто айтылат.
Маалыматка ылайык, FIFAнын 2023–2026-жылдардагы төрт жылдык цикл ичиндеги кирешеси 15 миллиард доллардан ашкан. Салыштыруу үчүн, 2019–2022-жылдардагы циклде уюм 7,57 миллиард доллар киреше тапкан.
FIFAнын президенти Жанни Инфантино учурдагы чемпионат “футболго инвестиция салуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын” белгилеп, уюм мындан ары дагы FIFAга таандык коммерциялык потенциалды толук пайдалануу аркылуу футболду дүйнө жүзүндө өнүктүрүүнү көздөй турганын айтты.
Кирешенин негизги бөлүгү матчтарга билеттерди сатуудан жана аларды кайра сатуудан түшкөн. FIFA сатып алуучудан да, сатуучудан да 15 пайыздан комиссия алат.
Мындан тышкары, конок тосуу кызматтары дагы ири киреше алып келген. Дал ушул эки багыт уюмдун жалпы кирешесин пландалган көрсөткүчтөрдөн кыйла жогорулаткан.
Чемпионаттын коммерциялык ийгилигинен кийин катышуучу командалардын санын дагы көбөйтүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул жолку турнирге 48 курама катышса, FIFA алардын санын 64кө чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















