Скалони Аргентинанын курама командасынан кетерин айтты
Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони 2026-жылдын декабрынан кийин кызматтан кетиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Ataque Futbolero порталы жазды.
“Декабрга чейин келишим боюнча өз милдетимди аткара берем. Андан кийин федерациянын жетекчиси менен сүйлөшөм. Бул - ар бир аргентиналык кыялданган кызмат, курама команданы машыктырганым менен сыймыктанам. Бирок декабрдан кийин улантуу оңой болбойт. Кыязы, кызматтан кетем”,- деди Скалони.
48 жаштагы адис Аргентинанын курама командасын 2018-жылдан бери жетектеп келет. Анын жетекчилиги алдында команда 2022-жылы дүйнө чемпиону аталып, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда финалга чейин жетип, анда Испанияга утулду.
Ошондой эле Скалонинин башкаруусунда Аргентина эки жолу Америка Кубогун (2021, 2024) жеңип, 2022-жылы Финалиссиманын да чемпиону болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















