Дүйнө чемпиондугунан ыргыган футбол жылдыздары кайда эс алууда?
2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиондугу соңуна чыгып, мелдештен четтеген көптөгөн футболчулар татыктуу эс алууга чыгышты. Кээ бирлери деңиз жээгин тандаса, айрымдары үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүп, жаңы сезонго күч топтоодо.

Неймар жетектеген Бразилия курама командасы 1/8 финалда Норвегиядан 1:2 эсебинде жеңилип, күйөрмандар үчүн күтүүсүз жыйынтык көрсөттү. Турнирден кийин футболчулар дароо эс алууга тарап кетишкен. Неймар болсо АКШнын Флорида штатына барып, Орландодогу люкс курорттордун биринде эс алууда. Социалдык тармактарда анын гольф ойноп жүргөн сүрөттөрү тарады. Ошондой эле чет элдик басылмалар футболчу азырынча клубдук карьерасынын кийинки кадамы тууралуу ойлонуу үчүн тыныгуу алганын жазышууда.

Кабо-Верденин 40 жаштагы дарбазачысы Возинья (лакап аты Бабуля) дүйнө чемпиондугундагы эң чоң сенсациялардын бири болду. Ал дебюттук мундиалда өз командасынын плей-оффко чыгышына чоң салым кошуп, Испания менен болгон оюндан кийин социалдык тармактагы катталуучулары бир күндө миллиондоп көбөйгөн. Турнир аяктагандан кийин Возинья мекенинде калып, Минделу шаарындагы Прайя-да-Лагинья пляжында эс алып жатат. Ал тынч жээктеги эс алууну аквабайк тебүү менен айкалыштырууда.

Лука Модрич жана Иван Перишич да эс алууну өз өлкөсүндө өткөрүүнү туура көрүштү. Хорватия бул жолу 1/16 финалда Португалияга утулуп, турнирди эрте аяктаган. 40 жаштагы Модрич үчүн бул дүйнө чемпиондугу курама командадагы акыркы мелдеш болду. Ал эми 37 жаштагы Перишич азырынча улуттук командадагы карьерасын жыйынтыктай элек. Перишич Хорватиянын жээгинен сүрөттөрдү бөлүшсө, Модрич коомчулукка эс алуусу тууралуу маалымат жарыялай элек.

Криштиану Роналду үчүн да бул дүйнө чемпиондугу акыркысы болду. Португалия 1/8 финалда Испанияга 0:1 эсебинде утулгандан кийин алгач командасы менен мекенине кайтып, андан соң жеке учагы аркылуу Сауд Арабиясына жөнөп кеткен. Маалыматтарга ылайык, Роналду үй-бүлөсү менен деңиз жээгинде эс алып, жаңы сезонго даярдык көрүүдө. Ал карьерасын жыйынтыктоону азырынча пландабайт жана 1000 голдук чекке жетүү максатын көздөөдө.

Флориан Вирц болсо Германия күтүүсүздөн Парагвайга жеңилип, мелдештен чыккандан кийин АКШда калган. Ал Калифорниядагы атактуу Беверли-Хиллз районунда жүргөн сүрөттөрүн жарыялады. Футболчу жаңы сезон алдындагы даярдыгын да АКШда улантат, анткени анын клубу “Ливерпуль” жакын арада ошол жакта жолдоштук беттеш өткөрөт.
Дүйнө чемпиондугунан кийин футбол жылдыздары ар кимиси өзүнө ылайыктуу эс алууну тандап, алдыдагы клубдук сезонго күч топтоого киришишти.
Возинья
Роналду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















