Татаал тагдыр... Нико Уильямс алтын медалын апасына тартуулады (видео)
Испания курама командасынын оюнчусу Нико Уильямс футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңип алган алтын медалын апасына берди.
Никонун айтымында, бул жеңиш анын үй-бүлөсүнүн эмгегинин жана чыдамкайлыгынын жемиши.

Алтын медалды апасына ыйгарганынын себеби бар, анткени алар балдарынын келечеги үчүн Испанияга келип качкын статусун алып отурукташып калган ганалыктар. Никонун апасы Мария Артуэр менен атасы Осей Уильямс 1990-жылдары Ганадан Испанияга жетүү үчүн өтө оор жолду басып өтүшкөн. Алар качкындар толгон жүк ташуучу унаада жол жүрүп, кийин Сахара чөлүн бир нече күн жылаңайлак басып өтүүгө аргасыз болушкан. Ачка, суусу жок талаада, 40 градус ысыкка карабай алар багынган эмес. Мындан улам азыркы тапта атасынын бутунун таманы эч нерсени сезбей калганы айтылат.

Испаниядан башпаанек алган түгөйлөр эки айдан кийин Иньяки аттуу уулдуу болушкан. Ал эми андан 8 жылдан кийин Нико туулган. Учурда ага-инилердин экөө тең футболчулар. Агасы Испания курамасында чабуулчу болгон, учурда аталган өлкөнүн "Атлетик Бильбао" футбол клубунун капитаны жана Гананын улуттук курамасында чабуулчу. Нико Испания курамасынан тышкары, агасы менен бир клубда машыгат.

Жүрөк элжиреткен учур... Нико Уильямс алтын медалын апасына тартуулады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















