Израилде түрмөлөрдү крокодилдер кайтарабы?
Израилде улуттук коопсуздукка байланыштуу камалгандар кармалган түрмөлөрдүн айланасын крокодилдер менен кайтаруу сунушу коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай демилгени улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир көтөргөн. Ага ылайык, түрмөлөрдүн айланасындагы аңдарга Нил крокодилдерин жайгаштыруу пландалууда. Бул үчүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Идит Сильман крокодилдердин укуктук макамын өзгөрткөн.
Бирок Израилдин Жаратылыш жана парктар башкармалыгы бул демилгеге каршы чыгып, жапайы жаныбарларды күзөт максатында пайдалануу мыйзамга туура келбей турганын билдирген. Ошол эле учурда адистер мындай кооптуу жырткычтарды кармоо жана көзөмөлдөө чоң тобокелдик жаратарын эскертишти. Азырынча сунуш тиешелүү органдар тарабынан каралууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















