Испания курамасынын футболчулары ФИФАнын шакектерине ээ болушту (видео)
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалынан кийин ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Испания курамасынын чечинүүчү бөлмөсүнө барып, алгачкы шакектердин бирин команданын капитаны Родриге жеке өзү тапшырды. Ушундай эле сыйлыктар Ламин Ямаль, Педро Порро жана башка оюнчуларга да берилди. Ошондой эле аларга Дүйнө кубогунун көчүрмөлөрү тапшырылды.
ФИФА дүйнө чемпиондору үчүн жалпысынан 30 эксклюзивдүү шакек даярдаган. Ар биринин бетине дүйнө кубогу жана чемпион болгон курама команданын символикасы түшүрүлгөн. Шакектер оюнчулардын манжасынын өлчөмүнө ылайык өзүнчө даярдалып, атайын сертификат менен берилет.
Жалпысынан 2026 даана чемпиондук шакек чыгарылган. Анын 30у Испания курамасынын оюнчуларына берилсе, калган 1996сы күйөрмандар үчүн сатыкка чыгарылат. Бир шакектин баасы болжол менен 148 миң долларды түзөт. Улуттук валюта менен эсептегенде 12 миллион 942 миң 600 сом.
Испания курамасынын футболчулары ФИФАнын шакектерине ээ болушту
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















