Футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Орчундуу учурлар
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталып, Испания курамасы тарыхта экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Финалда испаниялыктар мурунку дүйнө биринчилигинде чемпион болгон Аргентинаны кошумча убакытта 1:0 эсебинде жеңди. Жеңиш голун 106-мүнөттө Ферран Торрес киргизди.

Тарыхта алгачкы ирет 3 өлкөнүн 16 шаарында 48 курама күч сынашып, оюн талаасында бүйүр кызыткан оюндарды өткөрүштү. Кабо-Верде, Өзбекстан, Иордания, Кюрасао өлкөлөрү алгачкы ирет дүйнө биринчилигине катышышты. Өзбекстандын оюнчулары дүйнөгө белгилүү Криштиану Роналду менен бир тайпада оюн көрсөтсө, Кабо-Верде дебюттук турниринде эле плей-офф баскычына чыгып, күйөрмандарды таң калтырды. Бирок 1/8 финалда Аргентина курамасына каршы беттеште 2:3 эсебинде кошумча убакытта жеңилип, мелдештеги жолун токтотту.

Испания бул турнирде туруктуу оюн көрсөтүп, дүйнө чемпиондугун экинчи жолу жеңди. Кураманын башкы машыктыруучусу Луис де ла Фуэнте 65 жашында дүйнө чемпиондугун уткан эң улуу машыктыруучу болуп калды. Ал эми Испаниянын жаш жылдызы Ламин Ямаль 19 жашка чейин Европа чемпиондугун жана дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи футболчу болуп калды. Ал турнирде Испаниянын негизги оюнчуларынын бири болду.

Аргентинанын капитаны Лионель Месси финалда талаага чыгып, Дүйнө чемпиондугунун үч финалында ойногон тарыхтагы саналуу футболчулардын бири болду. Ал 39 жашында финалда ойногон эң улуу талаа оюнчусу катары рекорд койду. Азырында ал курамадан кетерин билдирген жок. Бирок спорт серепчилери ал карьерасын жыйынтыкташы мүмкүндүгүн айтышууда. Ага улай германиянын оюнчусу Мануель Нойер,бразилиялык Неймар, Египеттин мыктысы Мохаммед Салах, хорватиялык Лука Модрич, футболдун кайталангыс легендасы Криштиану Роналду да футбол тарыхындагы жолун жыйынтыкташы мүмкүн. Мындан тышкары, 17 өлкөнүн курамаларынын башкы машыктыруулары алмаштырылууда.

Дүйнө чемпиондугуну финалында тарыхта биринчи жолу чоң тыныгуу жарыяланды. Жаңы форматтагы музыкалык шоуго дүйнөлүк жылдыздар Мадонна, Жастин Бибер, Шакира, Burna Boy жана BTS тобу катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул шоу футбол жана музыканы бириктирген өзгөчө окуя болуп калды.

ФИФА биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон футболчуларга атайын чемпиондук алтын шакектерди тапшырды. Андан 2026 даана даярдалып, 30 испаниялыктарга тапшырылды. Калганы сатууга чыгып, бир шакектин баасы 12 миллон сомдон ашык турат.

Эл аралык футбол федерациясы 2023–2026-жылдарды камтыган төрт жылдык каржылык циклдин жыйынтыгында рекорддук 15 миллиард доллар киреше тапты. Бул көрсөткүч уюмдун алгачкы божомолунан кыйла жогору болду. ФИФА башында киреше көлөмү болжол менен 11 миллиард доллар болот деп күткөн. Ири кирешеге Дүйнө чемпиондугунда сатылган билеттер, мейманкана бизнесинен түшкөн каражат жана турнирге болгон чоң коммерциялык кызыгуу себеп болду. Мындай ийгилик ФИФАга Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы эң чоң байге фондун түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жалпы сыйлык фонду 655 миллион долларды түздү.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















