ФИФА Аргентина курамасынын жүрүм-турумун иликтөөгө ниеттенүүдө
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалынан кийин Аргентина курамасынын футболчуларынын жүрүм-туруму боюнча иликтөө баштоону көздөп жатканын Sky Sports басылмасы жазды.
Финалдык беттеште Испания Аргентинаны кошумча убакытта 1:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болгон.
Маалыматка ылайык, беттештен кийин аргентиналык футболчу Леандро Паредес испаниялык Эрик Гарсияны моюнунан кармап, кийинчерээк Гавини жерге жыгып, запастагы оюнчунун жилетин айрып салган. Бул аракетинен кийин Паредес кызыл айып кагазын алган.
Ошондой эле Аргентинанын коргоочусу Науэль Молина Испаниянын капитаны Родрини сүзүп өткөн учурда уруп жибергени айтылууда. Ал эми Аргентина курама командасынын машыктыруучулар штабынын мүчөсү Роберто Аяла Дани Ольмого кол көтөрүүгө аракет кылганы кабарланган.
Мындан тышкары, маалыматтарга караганда, аргентиналык футболчулар Испания курама командасы чемпиондук кубокту алып жаткан учурда сыйлык тапшыруу аземинде пьедесталга далысын салып турушкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















