super.kg logo

Никарагуанын президенти: “Өлкөдө мындан ары шайлоо болбойт”

 

Никарагуанын президенти Даниэль Ортега өлкөдө мындан ары шайлоо өткөрүлбөй турганын билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Анын айтымында, оппозициялык саясий күчтөр шайлоо аркылуу бийликти басып алууга аракет кылып жатат.

Бул тууралуу унутушсун! Бул жерде мындан ары шайлоо болбойт. Алар шайлоо аркылуу өкмөттү жана бийликти басып ала алышпайт”,- деди Ортега Сандинисттик революциянын 47 жылдыгына арналган иш-чарада.

Президент өкмөт парламент жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте айрым саясий күчтөргө чектөө киргизе турган мыйзамдарды даярдай турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, бул мыйзамдар “мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылгандарга жана АКШ тарабынан колдоого алынган мекенге чыккынчылык кылгандарга бөгөт коюшу керек”.

Буга чейин Никарагуадагы кезектеги жалпы шайлоо 2027-жылдын ноябрь айына пландалган. Бирок Ортега жаңы чаралар шайлоону толугу менен жокко чыгарабы же айрым партиялардын катышуусун гана чектейби - тактаган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: