super.kg logo
  Спорт  

Аргентина легендасы Месси курамадан кетерин жарыялады

 

Аргентина улуттук курама командасынын капитаны Лионель Месси 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун финалынан кийин бул оюн анын кураманын курамындагы акыркы беттеши болгонун командалаштарына айтканын журналист Эрнан Кастильо X социалдык тармагында билдирди.

Дүйнө чемпиондугунун
Ю финалында Испания кошумча убакытта Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип, чемпион аталган. Беттештен кийин Месси көз жашын токтото алган эмес.

Журналисттин айтымында, Месси чечинүүчү бөлмөдө эмоционалдуу сөз сүйлөп, бул анын Аргентина курамасы үчүн өткөргөн акыркы оюну экенин билдирген.

39 жаштагы Месси 2026-жылкы дүйнө чемпионатында 8 гол киргизип, Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппеден (10 гол) кийин турнирдин экинчи мыкты бомбардири болду.

Ал Аргентина курамасы үчүн жалпысынан 207 оюн өткөрүп, 125 гол жараткан. Месси улуттук команда менен 2022-жылы дүйнө чемпиону болуп, 2021 жана 2024-жылдары Америка Кубогун жеңген. Ошондой эле 2014 жана 2026-жылкы дүйнө чемпионаттарынын күмүш медалын, ал эми 2022-жылы Финалиссима турниринин жеңүүчүсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: