super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиону болгон Испания канча акчалай сыйлык алды? ФИФА рекорддук сумманы бөлүштүрдү

 


2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен Испаниянын курама командасы ФИФАдан 50 миллион доллар сыйлык алды. Бул тууралуу эл аралык спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ФИФА дүйнө чемпиондугунун байге фондуна рекорддук 727 миллион доллар бөлгөн. Мындан тышкары, Испания турнирге даярдык көргөнү үчүн дагы 1,5 миллион доллар алып, жалпы кирешеси 51,5 миллион долларды түздү.

Белгиленгендей, бул каражат түздөн-түз футболчулардын эсебине түшпөйт. Акча алгач Испаниянын футбол федерациясына которулат. Андан соң ички келишимдерге ылайык оюнчуларга, машыктыруучулар штабына жана улуттук команданын башка кызматкерлерине бөлүштүрүлөт.

Ал эми дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесин алган Аргентина 34,5 миллион доллар, үчүнчү орунду ээлеген Англия 30,5 миллион доллар, төртүнчү орундагы Франция 28,5 миллион доллар сыйлыкка ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: