super.kg logo

Грузияда блэкаут: Өлкөнүн дээрлик бардык аймагында электр жарыгы өчтү

 

Жумага караган түнү Грузиянын дээрлик бардык аймагында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу жергиликтүү 1TV телеканалы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү, анын ичинде борбор калаа Тбилиси да жарыксыз калган. Электр энергиясынын өчүшү Батумиде, Гурия, Самегрело, Рача жана Душети аймактарында да катталган. Тбилисинин борборунда жол чырактары менен көчө жарыктары иштебей калган.

Азырынча масштабдуу авариянын себеби расмий түрдө айтыла элек. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, электр станцияларынын биринде авария болушу мүмкүн.

Грузиянын Мамлекеттик электр системасынын басма сөз кызматы түнкү саат 00:10 чамасында өлкө боюнча электр энергиясы өчүп калганын билдирип, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Учурда Мцхета-Мтианети аймагында жана Тбилисинин көпчүлүк бөлүгүндө электр энергиясы жарым-жартылай калыбына келтирилди. Бийлик өкүлдөрү электр энергиясын берүү этап-этабы менен жакынкы убакытта толугу менен калыбына келтирилерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: