super.kg logo

Жумшак оюнчук кичинекей лемурга апа болду

 

Бүгүн, 23-июлда чет өлкөлүк маалымат каражаттары Колумбиядагы зоопаркта болгон өзгөчө окуя тууралуу жазды. Анда төрөлгөндөн кийин энесиз калган кичинекей лемурга жумшак оюнчук маймыл "эне" болуп жатканы айтылат.

Лемур 18-июнда туулуп, болгону 70 грамм салмакта болгон. Анын энеси баласын кабыл албай койгондуктан, зоопарктын кызматкерлери ага кам көрө башташкан.

Адистердин айтымында, жаныбар адамга өтө көнүп калса, бул анын келечектеги жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан ветеринарлар ага жумшак оюнчук маймылды берип, аны жасалма эне катары колдонуп жатышат.

Зоопарктын ветеринары Камило Мендоса негизги максат - лемурдун адам менен эмес, өзүнүн түрү менен байланышууга көнүшүн камсыз кылуу экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Японияда Юдзи аттуу шимпанзе үчүн да жумшак оюнчук эненин ордун баскан. Ал оюнчукту апасындай көрүп, дайыма кучактап жүргөнү менен социалдык тармактарда белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: