super.kg logo

Иран: АКШнын Жакынкы Чыгыштагы базаларына 20 миллиард доллардан ашык чыгым келтирилди

 

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) акыркы эки жумадагы соккулардын жыйынтыгында АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына 20 миллиард доллардан ашык чыгым келтирилгенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда чет элдик маалымат булактары жазышты.

КСИРдин өкүлү Хосейн Мохебинин айтымында, 8–22-июль аралыгында жүргүзүлгөн чабуулдарда АКШнын 200дөн ашуун аскер кызматкери каза болуп, андан да көп адам жаракат алган. Ошондой эле операциялар дагы эле уланып жатканы жана аймактагы америкалык аскердик объектилерге багытталгандыгы белгиленди.

Иран тараптын маалыматына ылайык, бул аралыкта АКШнын 11 истребители жана тик учагы, 17 чалгындоочу жана операциялык учкучсуз учагы, ангардагы бир F-15 истребители, P-8 патрулдук учагы, C-17 аскердик транспорттук учагы жана сегиз май куюучу учагы жок кылынган.

Tasnim агенттиги билдиргендей, 20 миллиард долларлык чыгымдын эсеби америкалык аскердик техниканын баасына, Пентагондун бюджеттик документтерине жана аскердик инфраструктураны калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдар тууралуу маалыматтарга негизделген.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп 8-июлда 18-июнда жетишилген ок атышууну токтотуу келишими күчүн жоготконун билдирген. Андан кийин АКШ Ирандагы объектилерге 13 түн катары менен сокку урса, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга жооп кайтарган.

Кийинчерээк Дональд Трамп Иранга каршы соккуларды токтотуу чечимин кабыл алган. Андан соң Тегеран да жооп иретиндеги аскердик операцияларын убактылуу токтотконун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: