Абайлаңыз! ChatGPT'нин коопсуздугу боюнча суроолор жаралды
25-июлда The Wall Street Journal басылмасы ChatGPT'нин айрым колдонуучуларга биологиялык куралды жасоо боюнча өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү жоопторду берген учурлары катталганын жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, жасалма интелект айрым суроолорго атүгүл жогорку класстын биологияны окуган окуучулары да түшүнө турган деңгээлде жооп берген.
OpenAI компаниясы дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн колдонуучу ChatGPT менен уулуу заттарды жасоо темасын талкуулаганын билдирген. Компания мындай аккаунттардын баары бөгөттөлгөнүн маалымдады.
Ошол эле учурда OpenAI биологиялык курал же уулуу заттар тууралуу суроо берген адамдардын жеке маалыматтары укук коргоо органдарына берилбегенин айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2026-07-27
15:15
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















