Эгемендүүлүк күнүн утурлай алыскы өлкөлөр кыргызстандыктарды куттукташууда
Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн утурлай бир катар өлкөлөрдөн куттуктоолор келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаровго жана кыргызстандыктарга Кубанын президенти Мигель Диас-Канель Бермудес, Мальтанын президенти Мириам Спитери Дебоно, Түштүк Африка Республикасынын президенти Матамела Сирил Рамафоса, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе куттуктоо телеграммасын жиберип, Кыргызстанга тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.
Ошондой эле өлкөлөр Кыргызстан менен достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















