Кыргызстан менен Казакстандын көкпар боюнча курамалары финалда беттешет
Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча тайпалык этап жыйынтыкталды. Турнирге жети команда катышып, эки тайпага бөлүнгөн.
А тайпасында Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Кыргыз курамасы Монголияны 12:1, Өзбекстанды 12:4 эсебинде жеңди. Ооганстан оюнга чыкпай, натыйжада Кыргызстан 9 упай менен финалга жолдомо алды.
В тайпасында Казакстан биринчи орунду ээледи. Казакстан Орусияны 14:1, Венгрияны 9:4 эсебинде жеңип, 6 упай топтоду.
Эми көкпар боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында Кыргызстан менен Казакстан беттешет. Чечүүчү оюн 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп, саат 11:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Казакстан 2022-жылы Түркияда жана 2024-жылы Астанада финалда кезигип, эки жолу тең казакстандыктар жеңишке жетишкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















