Дастан Бекешев мектепке бекер берилүүчү китептер базарда сатылып жатканын айтып чыкты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектептерде окуу китептери жетишсиз болгонуна карабай, алар базарда сатылып жатканын билдирди. Депутат бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына 16-сентябрда видео жарыялады.
Анын айтымында, көптөгөн ата-энелер мектептерде окуу китептери жетишсиз экенине нааразы болушууда. Ошол эле учурда айрым окуу китептери базарда көп санда сатылып жатат.
Эл өкүлү бул жагдайга өзү күбө болуп, китеп сатып алганын кошумчалады.
"Мен базардан 650 сомго окуу китебин сатып алдым. Бул китептер “Учкун” мамлекеттик басмаканасынан чыгарылган. Башка басмаканалар бул китептерди чыгара алышпайт. Китепте сатууга болбойт деген билдирүүсү да бар",- деген Бекешев.
Эскерте кетсек, буга чейин Агартуу министрлиги 2025-жылы 4 миллион 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге таратылганын билдирген. Ал эми 2026-жылы бүгүнкү күнгө чейин 3 миллион 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып, таратылганын кошумчалады. Учурда дагы 1 миллион 442 миң 815 даана басылууда. Жыйынтыгында, эки жылдын ичинде чыгарылган окуу-методикалык комплекстердин жалпы саны 9 миллион 351 миң 413 даанага жетет.
Бул арада "Окуу китеби" басма үйү базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте мамлекеттик мектептерге арналган китептердин сатылып жатканын билдирип, Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге расмий кайрылуу жөнөткөнүн кошумчалады.
Депутат: "Мектепте окуу китептери жок, бирок базарда бар"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















