"Каалагандай калчап..." Депутат китептердин сатылышы боюнча отчёт талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу окуучулардын китептерин чыгарууда корогон чыгым жана китептердин базарда сатылышы боюнча отчёт талап кылды.
Бүгүн, 16-сентябрдагы парламенттин жыйынында эл өкүлү каржы министринин берген маалыматын окуп, ага түшүндүрмө сурады.
"Мурда мектептердеги китептерге 70-100 миллион сом бөлүнсө, акыркы жолу 815 миллион сом бөлүнүптүр. Бирок, бүгүнкү күндө ата-энелер базардан китеп сатып алып жатат. 815 миллион сом каражат каякка кетти? Агартуу министрлиги "Учкун" басмаканасынан чыгып, мектепке жеткенге чейинки китептердин бир тыйынынан бери отчёт берсин.
Ошондой эле китептердин жетишсиздиги боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн жыйынытыгын ачыктасын. Көйгөйдүн тамыры, биз 2022-жылы сатып-алууларга өзгөртүү киргизип, эч бир тоскоолдуксуз "Учкун" басмаканасына өткөрүп бергенибизде жатат. Тендер жоктугунан каалагандай калчап, отчёт деген жок болуп жатат", - деди Карыбек уулу.
"Каалагандай калчап..." Улукбек Карыбек уулу китептердин сатылышы боюнча отчёт талап кылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















