Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Сеул шаарында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Премьер-министр Кыргызстанда корей компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Хан Сон Сук Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүп жатканын айтып, 2023-жылдан бери иштеп жаткан түз авиакаттам туристтик алмашууларды кеңейтүүгө жана эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп жатканын баса белгиледи.
Санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыктын келечеги, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана Корея Республикасынын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргызстандын потенциалын пайдалануу маселелери айтылды.
Өз кезегинде президент Кыргызстан Корея менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
“Биз айрым инвестициялык долбоорлорду гана ишке ашырууга эмес, корей бизнесинин Кыргызстанда кеңири жана узак мөөнөттүү катышуусуна кызыкдарбыз. Өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө жана өндүрүштү локалдаштырууга өзгөчө көңүл бурабыз”,- деп белгиледи мамлекет башчысы.
Президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.
Ошондой эле Жапаров Кореяда иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгиледи.
Мындан улам президент Кыргыз Республикасынын жана Кореянын өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана документти кол коюуга даярдоону сунуш кылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















