"Ташиевдин кейпин кийип калбагыла!" Депутат министрлерге эскертүү жасады
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев парламенттин тармактык комитеттеринин жыйындарына министрлер өздөрү келбей жатышканын сынга алды.
Эл өкүлү кечээ, 16-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында министрлерди депутаттарды сыйлоого чакырды.
"Силер чакырылганыңарга карабай орун басарларыңарды жиберип жатасыңар. Комитеттин төрагасы менен макулдашылышы керек. Эгер орун басары келе берсин деген болсо, анда орун басар келсин. "Мен президенттин досумун" деп Ташиевге (ред.: УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев) окшогондор болгон. Андайлардын тагдырын бир эле кол коюу чечип коёт. Силерден суранарым, жанагы Ташиевдин кейпин кийип калбагыла! Депутаттар беш жыл бою канча министр келсе, ошолор менен иштеше берет",- деди Сыдыгалиев.
"Ташиевдин кейпин кийип калбагыла!" Депутат министрлерге эскертүү жасады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















