Өлкөгө айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Министрлер кабинети 14-сентябрда Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө 6 айга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чектөө бетон блоктору, кыш, плитка, айнек, алюминий жана жез кабелдерине тиешелүү болот.
Токтомдун максаты - ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр тарабынан импорттук атаандаштык шарттарында өлкөнүн экономикалык (улуттук) коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















