super.kg logo
  Спорт  

Азия оюндары: Абдурахман Муртазалиев коло байгеге ээ болду

 
Бүгүн, 3-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында жиу-житсу боюнча мелдештен Абдурахман Муртазалиев коло байгеге ээ болду.
Кыргызстандык спортчу 85 килогарммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде Кувейттин өкүлү Насер Абдулкаримди артыкчылык упайы менен жеңген.
Кийинки баскычта Камбоджанын өкүлү Моеун Лим Сопанханы 50:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда түштүк кореялык Сон Тэмуну артыкчылык упайы менен жеңип, жарым финалда Казакстандын өкүлү Мерей Кабдуллаевге 2:4 эсебинде жеңилип калды.
Коло медаль үчүн болгон беттеште Сингапурдун өкүлү И Аакус Хоу Юну 2:0 эсебинде жеңип, байгелүү орунга ээ болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: