super.kg logo

Электроскутер минген 70 жаштагы аксакал жол кырсыгынан каза болду

 

Каракол шаарында жүк ташуучу унаа менен электроскутердин катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 70 жаштагы жаран каза болду. Маалыматты Ысык-Көл облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.

Кырсык 11-ноябрда болгон. Анда 46 жаштагы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Карасаев көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө бурулуп жаткан учурда, ошол эле багытта бара жаткан электроскутер жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 70 жаштагы жаран окуя болгон жерден каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: