super.kg logo

Шереметьево аэропортунда Бишкекке келе жаткан жүргүнчүдөн 136 миллион рубль табылды

 

Бүгүн, 13-ноябрда Москва шаарындагы Шереметьево аэропортунда орусиялык жаран ири суммадагы накталай рубль менен кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы жүргүнчү Москвадан Бишкек шаарына учуу үчүн чемоданын жүк бөлүмүнө тапшырып, учуу залына бара жатканда бажы кызматкерлери тарабынан токтотулган. Чемодандан 129 миллион рубль, ал эми кол баштыгынан 7 миллион рубль табылды

Бул факт боюнча жаранга административдик укук бузуу жөнүндө кылмыш иш козголуп, соттун чечими менен мыйзамда каралган чектен ашкан 135 миллион рубль мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.

Эске салсак, Орусиядан Кыргызстанга 1 миллион рублга чейин гана акчаны накталай алып чыгууга мыйзам түрүндө уруксат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: