Орто-Токой суу сактагычында браконьерликке шектелген эки жаран кармалды
Кечээ, 12-ноябрда Жаратылыш министрлигине караштуу, техникалык көзөмөл кызматкерлери Нарында түнкү рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган эки жаран аныкталып, алардан мыйзамсыз кармалган 17 даана сига-лудога балыгы табылган.
Белгилей кетсек, бул факты боюнча жарандарга административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү токтомдор чыгарылды. Ошондой эле келтирилген зыян үчүн 17 170 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:24
2026-11-13
15:38
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















