super.kg logo

Бишкекте жарандардын акчасын эки эселеп берүүнү убада кылган компаниянын өкүлү кармалды

 

Бишкек шаарында “BITEVOLUTION” компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу каржы пирамидасын уюштуруу фактысы боюнча кылмыш ишинин негизги фигуранты кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында милицияга жарандар арыз менен кайрылып, компаниянын уюштуруучуларына карата чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Арыз ээлеринин айтымында, компаниянын уюштуруучулары салынган акчаны эки эселеп кайтарып берүү жана жогорку киреше табуу убадасы менен жарандардын акчасын алышкан. Бирок кийинчерээк милдеттенмелерин аткарбай, изин жашырып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Финансылык пирамидаларды уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1964-жылы туулган К.Г.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, ишке катышы болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Милиция жабырлануучуларды же иш боюнча кошумча маалыматы бар жарандарды +996 505 131 113 же 102 номерлери аркылуу кайрылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: