"Базардан 4 орун берем..." Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Ош шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда шаардык милициядан билдиришти.Маалыматка ылайык, шектүү 2025-жылдын 24-июлунда 50 жаштагы аялга өзүн инвестор катары тааныштырып, "Жибек-Жолу" базарынан 4 соода ордун берүүнү убада кылган. Бул үчүн аялдан 40 миң доллар алып, бирок убадасын аткарбастан изин жашырган.
Бул факт боюнча 23 жаштагы шектүү кармалып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:24
2026-11-13
15:38
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















