Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Исхак Масалиев 30 миң кол топтоду
Бүгүн, 17-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Исхак Масалиев каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон 30 миң шайлоочунун колун топтоду.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, Масалиевди 30 миң 36 шайлоочу колдогон. Президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн башка жарандардын кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:
- Клара Сооронкулова - 17 877;
- Бактыбек Калмаматов - 17 778;
- Азамат Эсенбеков - 16 838;
- Акай Кыдыров - 13 793;
- Бакытбек Адылов - 9332;
- Амур Айба Медер - 5687;
- Мамбетжунус Абылов -4932.
Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев жана Аймен Касенов да керектүү сандагы кол топтошкон.
Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:03
2026-11-16
15:30
2026-11-13
13:55
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















