Кыргыз цирки эл аралык деңгээлдеги жаңы шоу даярдайт
Мамлекеттик цирктин артистери орусиялык режиссёр Елена Петрикова менен биргеликте масштабдуу жаңы программа даярдайт. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаңы шоу Кыргызстандын тарыхына, каада-салтына жана маданиятына арналат. Долбоор улуттук цирк өнөрүн өнүктүрүп, артисттердин мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана кыргыз маданиятын дүйнөлүк аренага таанытууга багытталат.
Елена Петрикова программанын жалпы концепциясы аныкталганын, учурда декорация, техникалык жабдуулар жана көрсөтүүнүн мазмуну иштелип жатканын билдирди.
Ал эми мамлекеттик цирктин директору Нурлан Конокбаев жаңы программа кыргыз артисттеринин АКШ, Европа жана Орусия өлкөлөрүнө гастролго чыгышына жол ачарын белгиледи. Анын айтымында, эл аралык тажрыйба алмашуу артисттердин кесиптик жана чыгармачылык деңгээлин жогорулатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















