Көк-Жар конушунда 17 жаштагы кызга кол салуу болду (видео)
Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунда белгисиз адам 17 жаштагы кызга кол салды. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси айтып чыгып, интернет желесине видео менен бөлүштү.
Анын айтымында, окуя 11-ноябрда түнкү саат 02:49 чамасында болду.
"Сиңдим Түркияга Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн учуп кетмек. Курбусу менен чогуу аэропортко барууну көздөп, анын үйүнө бара жатып бул окуяга кабылды. Белгисиз эркек аны артынан аңдып келип, курсагына буту менен тээп, чемоданын тартып алууга аракет кылган. Сиңдим спорт менен машыгып жүргөндүктөн ага каршылык көрсөтүп, жардамга чакырган. Анын кыйкырыгын уккан курбусу чуркап келе жатканда, кол салууга аракет кылган киши окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок кетип бара жатып кайра келерин айтып коркуткан", - деп билдирди жабырлануучунун эжеси.
Ал кол салууга аркет кылган жаран таза, тыкан кийинип алганын айтып, аны селсаяк деп айтоого болбостугун кошумчалады.
Бул арада Октябрь райондук милициясы аталган окуя боюнча териштирүү ишин баштаганын билдирди.
Көк-Жар конушунда 17 жаштагы кызга кол салуу болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















