super.kg logo

Бишкекте жолдун ортосунда мушташкандар кармалышты (видео)

 

Бишкек шаарында 16-ноябрда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө үч жарандын катышуусундагы жол чыры тартылган видео аныкталды. Анда эки эркек жана бир аял жолдун жүрүүчү бөлүгүндө коомдук тартипти бузуп, бири-бирине карата сөгүнгөн сөздөрдү айтып, жаңжалдашкан.

Ленин РИИБи окуяга катышкан бардык жарандардын өздүгүн тактап, тергөөгө жеткирди. Алар 1998-жылы туулган Ю.Х., 1995-жылы туулган Ш.А. жана 1986-жылы туулган Ш.Т. аттуу жарандар экени аныкталды.

Аталган факт боюнча Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлдү. Эки эркек киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.







Бишкекте жолдун ортосунда жаңжал чыгарган үч жаран кармалып, экөө камакка алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: