Оштогу соттук-медициналык борбордо 6 миллион сом кымырылганы айтылууда
Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө борборунда 6 миллион 43 миң 812 сомду мыйзамсыз кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордун жооптуу кызматкерлери 2025-2026-жылдары мекеменин чыгымдарына бөлүнгөн акчаны кызматка жушалган деген негизде жеке жактардын банктык эсептерине которуп турушкан. Кийин ал каражаттар кайрадан кызмат адамдарынын жеке эсептерине которулган. Мындан тышкары, аларга ар кандай кенемте төлөмдөр мыйзамсыз чегерилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:31
2026-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















