super.kg logo

Бишкекте алдамчылык жол менен кайыр сураган жаран кармалды (видео)

 

Бишкекте майыптар арабасына отуруп, элден акча сураган чет өлкөлүк жаран кайрадан милицияга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн 19-ноябрда шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин, социалдык тармактарда арабада отуруп, кайыр сурап жүргөн эркек кишинин видеосу тараган. Текшерүү учурунда анын өз алдынча басууга жөндөмдүү экени аныкталды.

"Жаран буга чейин да ушундай аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылып, эскертүү алган. Ага карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. Бирок ал эскертүүгө карабастан кайрадан элден акча сураганы чыккан",- деп кошумчалады мекеме.

Учурда мыйзамга ылайык, аны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселеси каралууда.






Майыптар арабасын колдонуп, алдамчылык жол менен кайырчылык кылган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: