super.kg logo

Бишкекте унааны ижарага алып, изин жашырган жаран кармалды 

 

Бишкекте унааны ижарага алуу шылтоосу менен алып, изин жашырган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 22-июлда жабырлануучуга таандык 13 миң долларлык Hyundai Mighty үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, андан соң изин жашырган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 35 жаштагы шектүү кармалды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: