Бишкекте онлайн-казино жарнамалаган айдоочу кармалды (видео)
Бишкекте унаасынын арткы айнегине казинонун жарнамасын жайгаштырган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Муниципалдык инспекция билдирди.
Маалым болгондой, социалдык тармактарда унаасынын арткы айнегине казинонун жарнамасын чаптаган айдоочу тартылган видео тараган. Аталган факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп, айдоочунун өздүгү аныкталып, укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.
Айдоочу ал жарнаманы белгилүү бир акчалай сый акы үчүн жайгаштырганын билдирди.
Белгилей кетсек, өлкөбүздө казино жана кумар оюндарын жарнамалоого 346-берене менен тыюу салынат.
Казино жарнамалаган айдоочу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















