Ошто баңгизат ташууга шектелген 37 жаштагы жаран кармалды
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана коңшу өлкөлөргө ташууга байланыштуу УКМК кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Ага ылайык, кылмыш ишинин алкагында 1989-жылы туулган М.М. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.
"Тергөө учурунда жалпы салмагы 7,2 килограмм болгон өсүмдүктөн алынган баңгизаттар табылды. Мындан тышкары, сырттан келген адамдарды баңгизат ташуучу курьер катары пайдалануу үчүн даярдалган, жалпы салмагы 25,8 килограмм болгон баңгизаттардын муляждары аныкталды", - деп кошумчалады коопсуздук кызматынан.
Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















