Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 50 адам эвакуацияланды
Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде бүгүн, 19-ноябрь күнү кечинде өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге бир өрт өчүрүү бөлүмү жана Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам штабы жөнөтүлгөн.
Өрттөн улам имараттан 50 адам эвакуацияланган. Тилсиз жоо бир саатка жетпеген убакытта толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктан 16 жаштагы кыз иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп баалашууда.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 50 адам эвакуацияланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















