Өлкөнүн кайсы облусунда эмгек акы эң төмөн? (статистика)
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 129,4 пайызга көп. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Улуттук статистика комитети SUPER.KG маалымат порталына тастыктады.
Аймактар боюнча эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталып, 67 миң 787 сомду түзгөн. Ал эми Ысык-Көл облусунда 60 миң 138 сом, Нарын облусунда 52 миң 547 сом, Талас облусунда 51 миң 835 сом болгон.
Жалал-Абад облусунда орточо айлык акы 47 миң 245 сомду, Ош шаарында 45 миң 626 сомду, Чүй облусунда 43 миң 856 сомду, Баткен облусунда 42 миң 627 сомду түзгөн.
Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ош облусунда катталып, 38 миң 461 сом болгон.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо айлык акынын өсүшү Ош облусунда 143,3 пайызды, Жалал-Абад облусунда 136,5 пайызды, Баткен облусунда 135,7 пайызды түзгөн.
Белгилей кетсек, көрсөткүчтөр чакан ишканаларды эсепке албагандагы маалыматтардын негизинде берилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















