super.kg logo

Бишкекте кыргыз киносунун 85 жылдыгы белгиленди (видео)

 

Кечээ, 17-ноябрда Бишкек шаарында кыргыз киносунун түптөлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанатка мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев, маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков, кино тармагынын ардагерлери жана маданият өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз кино өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кино ишмерлери сыйланып, улуттук кинематографиянын тарыхы жана жетишкендиктери эскерилди.

"Белгилей кетсек, маараке кыргыз киносуна эмгек сиңирген инсандарды даңазалоого, муундар арасындагы чыгармачылык байланышты бекемдөөгө жана улуттук кино өнөрүнүн келечегине дем берүүгө багытталды",- деп кошумчаланды маалыматта.






Бишкекте кыргыз киносунун 85 жылдыгы белгиленди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: