Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясы №2 каттамдагы электробустун катышуусунда болгон жол кырсыгына байланыштуу түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, 19-ноябрь күнү саат 16:05 чамасында акыркы аялдамада турган №2 каттамдагы электробусту айдоочусу токтоткондон кийин кол тормозуна койгон эмес. Натыйжада электробус өз алдынча жүрүп кеткен.
"Электробус өз алдынча жүрүп кеткен соң, айдоочу токтотууга аракет кылган учурда оор жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, айдоочу ооруканада каза болду. Окуя болгон учурда электробустун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.
Буга байланыштуу муниципалдык ишкана тарабынан кырсыктын жагдайларын иликтөө, ошондой эле тиешелүү чараларды көрүү максатында атайын комиссия түзүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында кенемте төлөө маселеси каралат.
Мындан тышкары, жабыркаган унаалардын ээлерине келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруу маселеси мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн алкагында чечилет",- деп билдирди мекеме.

Супер-Инфо
super.kg видео
















