Бишкекте өзүн жактоочу катары тааныштырып жүргөн жаран кармалды
Бишкекте өзүн адвокат катары тааныштырып, алдамчылык жолу менен 10 миң долларын алганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-июнда арыз берүүчү ммилицияга кайрылып, уулуна карата козголгон кылмыш ишине жарда берем деп, өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырган К.Ж. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1989-жылы туулган К.Ж. аттуу жаранды кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















