Президенттин Иш башкармалыгынын кирешеси 28 миллиард сомдон ашты (видео)
Кечээ, 24-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында мекемелик уюмдардын жетекчилеринин коллегиялык жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Жыйында мекемелик уюмдардын 2026-жылдын тогуз айындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды.
Маалыматка ылайык, отчёттук мезгилде мекемелик уюмдардын жалпы кирешеси 28 миллиард 30 миллион 708 миң сомду түздү. Ал эми пландык көрсөткүч 23 миллиард 785 миллион 959 миң сом болгон. Натыйжада киреше белгиленген пландан 4 миллиард 244 миллион 749 миң сомго ашты.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде жалпы киреше 21 миллиард 582 миллион 599 миң сомду түзгөн.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча мекемелик уюмдардын кирешеси 31 миллиард сомго жетип, жылдык 32 миллиард сомдук пландын 97 пайызына жакыны аткарылган.
Быйыл президенттин Иш башкармалыгы түзүмүнө 10 жаңы мекеме кошулуп, мекемелик уюмдардын жалпы саны 43кө жетти.
Коллегияда санариптештирүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулуп, курорттук жана санаторий мекемелерине заманбап технологияларды киргизүү, "Түндүк" мобилдик тиркемесин өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
"Жыйындын соңунда Каныбек Туманбаев финансылык тартипти бекемдөө, каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мекемелик уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча жетекчилерге бир катар милдеттерди тапшырды",- деп айтылат маалыматта.
Президенттин Иш башкармасынын кирешеси 28 миллиард сомдон ашты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















