Депутат айрым министрлерге ишти саат 7:00дө баштоону сунуштады (видео)
Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жол тыгындарын азайтуу максатында айрым министрликтердин иш убактысын өзгөртүүнү сунуштады.
"Буга чейин студенттердин сабактарынын башталышы саат 10:00гө жылдырылган. Айрым министрликтердин иш убактысын саат 09:00дө эмес 07:00дө баштоону эксперимент кылып өзгөртүп көрөлү. Мындай учурда министрлер жумушун 16:00дө аяктап, үйүнө эртерээк бармак. Бул Бишкектеги жол тыгындарын азайтууга чоң таасир этет",- деди депутат.
Депутат айрым министрликтин иш убактысын өзгөртүүнү сунуштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:49
2026-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















