super.kg logo
  Саясат  

Президент болууну самагандар учурда канча кол топтошту?

 

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкерлеригин көрсөтүү жөнүндө арыз берген 11 адам каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоосу зарыл.

"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы сааттарга алынган маалыматтарга таянсак, Клара Сооронкулованы 28 миң 818 шайлоочу колдоп, керектүү сандагы колду чогултуу алдында турат.

Ал эми калган президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:

  • Бактыбек Калмаматов - 25 439;
  • Азамат Эсенбеков - 22 018;
  • Акай Кыдыров - 19 310;
  • Бакытбек Адылов - 16 582;
  • Амур Айба Медер - 8728;
  • Мамбетжунус Абылов - 8613.

Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Анын аякташына 13 күн калды.Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов, Исхак Масалиев тийиштүү колду топтоп бүткөн.

Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: