Бүгүн, 25-ноябрда эрте менен, Жибек Жолу проспектисинде №39 каттамындагы автобустун катышуусунда катталган жол кырсыгы боюнча мэрия үн катты.
Белгилей кетсек, автообус айдоочусу Жибек Жолу менен Калинин көчөлөрүнүн аймагында, токтоп турган жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада, алты адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.
"Э. У. аттуу айдоочу Zhongtong үлгүсүндөгү автобус менен, Жибек Жолу проспектиси менен чыгыш багытында бара жатып, Калинин көчөсүнө жете электе автобус ортоңку тилкеден оң жактагы четки тилкеге өткөн. Айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдүн баардыгын өткөн соң каттамга чыгарылган. Ошондой эле, жүк ташуучу унаада эч кандай айырмалоочу белгилер жана авариялык жарык сигналдары болгон эмес. Анын аталган тилкеде токтоп турган себеби азырынча белгисиз", - деп билдирди мекеме.
Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда.

Супер-Инфо
super.kg видео

















Талкуу жабык.