super.kg logo
  Саясат  

Мэрия №39 автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча үн катты

 

Бүгүн, 25-ноябрда эртең менен Жибек Жолу проспектинде №39 каттамдагы автобустун катышуусунда катталган жол кырсыгы боюнча мэрия үн катты.

Белгилей кетсек, автобус айдоочусу Жибек Жолу менен Калинин көчөлөрүнүн аймагында, токтоп турган жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада, алты адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.

"Э. У. аттуу айдоочу Zhongtong үлгүсүндөгү автобус менен Жибек Жолу проспекти менен чыгыш багытында бара жатып, Калинин көчөсүнө жете электе автобус ортоңку тилкеден оң жактагы четки тилкеге өткөн. Айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдүн бардыгын өткөн соң каттамга чыгарылган. Ошондой эле жүк ташуучу унаада эч кандай айырмалоочу белгилер жана авариялык жарык сигналдары болгон эмес. Анын аталган тилкеде токтоп турган себеби азырынча белгисиз",- деп билдирди мекеме.

Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: