super.kg logo

Африкалык жаран 25 жыл бою көрбөгөн кыргызстандык жубайы менен жолугушту

 

Өмүр бою өз энесин көрбөй келген мозамбиктик (Африка) Сальвадор Айрес аттуу жигит өзүнүн 25-туулган күнүндө көптөн-көп күткөн белегине ээ болду. Ал өткөн аптада өзүнүн кыргызстандык энеси Залина Абдалиева менен жолугушту. Ал эми бүгүн эртең менен Кыргызстанга баланын атасы да учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Сальвадор Айрес - Анголанын жараны менен кыргызстандык айымдын уулу. Анын ата-энеси 80-жылдардын аягында таанышкан. Ал кезде кенже Сальвадордун (уулу) атасы Сальвадор (улуусу) Фрунзедеги окуу жайлардын биринде билим алчу. Кийин ал Залина аттуу айым менен таанышып, экөө баш кошкон. Ортодо Сальвадор (кыргызча аты Тилек) аттуу уулдуу болушкан. Көп өтпөй Сальвадордун окуусу аяктап, ал мекенине кайтууга аргасыз болот. Баланын энеси Африкага баруудан коркуп, анын үстүнө ал тубаса дүлөй болгондуктан, жолдошунун мекенине кетүүдөн баш тарткан. Жаш жубайлар өз ара сүйлөшүп, бала атасы менен кетип, энеси бир нече убакыттан кийин алардын артынан бармакчы болот. Бирок андай болгон эмес. Анын үстүнө жубайлар бири-биринин так даректерин алышкан эмес.  

"Окуя 25 жыл мурун болгон жана бул окуя анын ар бир катышуучусунун эсинде гана сакталып кала бермек. Бирок кенже Сальвадор бала кезинен бери алыскы Кыргызстанда жашаган өз энеси менен жолугушууну кыялданып, бир күнү аны менен кучакташууну самап келген. Сальвадордун колунда энесинин бир гана сүрөтү болгон. Ал ар дайым атасынан апасы менен эмне себептен байланыш үзүлүп калгандыгын сурап, энеси менен жолугуунун жолдорун издеп келген. Акыры ал өзүнүн кыялын Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун жардамы менен ишке ашырды",- деп айтылат маалыматта.   

Эл аралык Кызыл Жарым Ай коомунун Кыргызстандагы "Үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү" долбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова билдиргендей, Сальвадор жардам сурап 2014-жылдын май айында кайрылган. Ошол убакыттан тарта анын энесин издөө жумуштары кызуу жүрө баштаган. Залина айым Аламүдүн жана Сокулук районунун паспорттук бөлүмдөрү аркылуу изделип, кийин ал каттоодо турган Дүлөйлөр коому аркылуу табылган.    

"Биз виза алууга гана көмөктөштүк. Сальвадордун атасы бүгүн учуп келди. Долбоор 1992-жылдан бери иш алып барууда. Бул долбоор аркылуу биз миңдеген үй-бүлөнү бириктире алдык",- дейт С.Абдыжапарова. 

Ал эми Залина айым жана анын үй-бүлөсү баланы көрөбүз деген үмүтүн үзүп койгон. Себеби Сальвадор баласын өз мекенине алып кеткен учурда ал жашаган аймакта согуш болуп жаткан. 

"Сальвадор бизди издеп жатканын угуп, аябай кубандык. Биз ага көптөгөн белектерди даярдап койгонбуз. Аны тосуп алуу үчүн улуттук тамак-аштарды даярдаганбыз. Анын урматына атайын мал союп, коноктойбуз",- деди баланын таежеси Алтынай Абдалиева. 

Учактан түшүп залга кирген Сальвадор менен анын энеси бир нече убакытка чейин бири-бирин коё бербей, бекем кучакташып турушту. Сальвадордун биринчи айткандары "мен үйүмө келдим" деген сөздөр болду. Андан кийин жигиттин башына ак калпак кийгизилди. 

"Мен апам менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. Апамды көпкө издедим. Учактан эки кыргыз үй-бүлө менен сүйлөшүп келдим. Мен эми Кыргызстан жөнүндө көп нерсени билем, бирок мындан да көптү билгим келет. Эмки жолу бул жакка өзүмдүн үй-бүлөмдү алып келем. Бирок ага чейин апамды өзүм жашаган жакка алып кетип, жубайым, кызым менен тааныштыргым келет",- деди Сальвадор Айрес. 

Кенже Сальвадор англис тилинде гана сүйлөп, ал эми анын энеси кыргыз жана орус тилдерин билген сурдокотормочунун жардамына муктаж болгондуктан, аларга Кызыл Жарым Ай коомунун кызматкерлери жардамдашууда. 






Африкалык жигит Кыргызстандагы апасын тапты

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(55)
26.01.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын еле жигити екен тили еле болок болбосо,кайда журсо аман болсун
27.01.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козго жаш айланткан жанылык экен. Созумду таппай турам....
27.01.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайкелерине тайэжелерине окшогон экен :)
27.01.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жанылык болуптур
27.01.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык
27.01.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жылдар эмес азыр деле элибиз толеранттуулукка коно элишек. Абдан тан калдым ата энеси туугандары апасына
ошол убакта уруксаат бергенине.Эми деле башка улутка чыккан кыздарды жаман карашат го коомчулукта.
27.01.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын гени да кучтуу го, караны баскан.Кантсе да бирге болушсун, уй булолук бакыт каалайм
27.01.2015. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала озубузго эле кыргыздарга эле окшош го красаффчик
27.01.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын эле озубуздун нукура мырзаларга окшош экен.
27.01.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа тузук жээн экенсин тагаларыны тартыпсын
27.01.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кунго чейин апа мээримине зар болуп чонойду
28.01.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец окуп кантип козумдон жаш чыкканын байкабай калдым.
SUPER.KG видео
31.01.2015. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана зор бакыт, кубаныч,Аллахым эне баланы бири биринен эч убакта айырбасын
SUPER.KG видео
31.01.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызгааа эле окшош экенгооо Жэээнибиз
SUPER.KG видео
31.01.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасы гана эмес бул жаңылыка бизда чын дилибизден сүйүндүк.
Жылдыздуу, сүйкүмдүү натуральный кыргыз жигит экен))
Мындай көргөн адам Тилекти африканец деп ойлобойт.
Колунан келсе Кыргызстанга келип апасынын жаныда жашаса гана, апасы өмүрүн бактылуу сүрөт беле дейм.
Мурунку кеткенине караганда бул кеткени апасы үчүн оорго турса керек, күндө жол карап күтүп, санаркап калатко
SUPER.KG видео
31.01.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
козумо жаш алдым акыл эстуу болуп чоноюптур кандай гана бакыт баланды 25 жыл эмес 2 кунго таштачы кандай абалда болосун
SUPER.KG видео
31.01.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан акылдуу экен!Арадан жыйырма беш жыл отуп,озу балага ата болуп калганда апасын издептир. Омур бою жанында болуп ысыгына куйуп, суугуна тонуп адам кылып чонойтуп койгондон кийин, оз алдынча уй було кутуп алып, ата энесин унут калтырган кыргыздын мырзалары журбойбу? Эми Заарина эжекебизди ушул бактысынан айрыбаса экен! Эне балага эки дуйнолук бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
01.02.2015. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал Садыбакасованын аялы бар экенин билбепмин деген жигитине окшошкен таангору!!!
SUPER.KG видео
01.02.2015. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ой кандай гана чон бакыт бул бакытты эч ким тушуно албайт. Бактылуу эне байкуш суйлой да албайт экен кызыл коомуна рахмат ишинер илгери болсун ар дайым ушундай ар бир жанды бакытка болоп журо бергиле.
SUPER.KG видео
01.02.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок жигит жакшынакай экен
SUPER.KG видео
01.02.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай кана бакыт аябай суйундум
SUPER.KG видео
01.02.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым колдосун, апасына омур берсин, баласынын жакшылык кундоруно кубо болсун,
SUPER.KG видео
01.02.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдаан суктандым Залина эжекеге,уулу келишкен жигит болуптур чиркин.Эми эне бала бири бирине куйумдуу болуп,бактылуу омур сурушсо экен.
SUPER.KG видео
01.02.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козумо жаш тегеренип кетти,аябай журокту толкундаткан жанылык экен,толук кандуу кыргызга окшош экен Тилек
SUPER.KG видео
01.02.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеге ушундан откон бакыт барбы эне баланы эч качан ажыратбасын.
SUPER.KG видео
01.02.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эне учун чон бакыт. Бирок дагы 25 жылдан буга окшогон жээндер апасын тапканы жанылык деле болбой калат. Себеби жээндер кобойуп кетти го.
SUPER.KG видео
01.02.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын эле жигити го эчбир африканецтерге окшошпойт экен
SUPER.KG видео
02.02.2015. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызга тийди биринчи казакка тийди экинчи өзбекке тийди үчүнчү тажикке тийди төртүнчү кытайга тийди бешинчи корейге тийди алтынчы оруска тийди жетинчи Баарына тийди күн нуру Кызганбайбыз биз муну Кыргыздын сулуу кыздары Кыргызга эле тийбейби Же тие берген баарына Күн нуру менен бирдейби
SUPER.KG видео
02.02.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра кеткени. Жаман экен апасы ала кетсе болмок!
SUPER.KG видео
02.02.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери ыйлай элек элем. Ушул видео шылтоо болду окшойт. Озуму токтото албай калдым.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: