"Туугандарым Ооганстанга кулчулукка сатып жиберип, 5 ай дегенде араң мекениме кайттым" дейт жабырлануучу



"Туугандарыма ишенип, Ооганстанга кулчулукка сатылып кетип, 5 ай дегенде араң мекениме кайттым". Бул тууралуу бүгүн, 29-январда маалымат жыйынында жабырлануучу Таалайбек Абдрахманов билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
"Бул окуя тууганымдын үйүн салуудан башталды. Өзүм курулушта иштегендиктен, эң улуу таякем "үйүмдү курууга жардам бер, төлөп берем" деди. Мен анын үйүндө иштеп калдым. Курулуш иштери жыйынтыкталганда ал акчаны бербей, "сага жакшы жумуш таап койдум" деген шылтоону айтты. Ошентип, алыскы 8 тууган Алматыга кеттик. Андан соң Дубайга учуп бардык, ал жактан бизди Жамиля аттуу эжебиз тосуп алды. Дубайда 18 күн жүрдүк, андан кийин Кабулга учуп, Ооганстандын Герат шаарындагы америкалыктардын аскер базасына түшүп калдык. Ал жакта 3 миң аскерге тамак жасаган ашпозчулардын жардамчысы болуп иштеп жүрдүк. Эжем бизге "айлыгыңар башында 700 доллар болот, кийин көбөйөт. Ар бир 6 айда мекениңерге 20 күнгө барып турасыңар" деп убадалаган. Бирок ал убадалардын бири да ишке ашкан жок",- дейт Т.Абдрахманов.
Анын айтымында, 8 кыргызстандык жаран ал жакта 3 ай 15 күн иштеген, бирок алардын жетөө эч кандай маяна албай келген.
"8 адамдын ичинен бир гана адам айлык алып жатты. Себеби ал бизди Дубайдан Ооганстанга жөнөткөн эжебиздин бир тууган иниси болчу. Кийин териштире келсек, биз иштеген жайда кызматкерлердин баары 1200 евро айлык алары аныкталды. Биз алданып, кулчулукка сатылып кеткенибизди түшүндүк. Иштөөдөн баш тартканыбызда, колубузга 450 евродон карматып, кийим-кечебиз менен кууп чыгышты. Биз эмне кыларыбызды билбей, сыртта бир саат отурдук. Анан унаа менен 2 ооган улутундагы жана 1 өзбек жигит келип, бизге алар менен кетишибиз керектигин түшүндүрдү. Биз кайра Кабулга келип, жергиликтүү мейманканалардын биринде 23 күн баш калкаладык. Бактыбызга жараша, биз орус аскерлерине жолугуп калып, абалыбызды түшүндүрдүк. Алар аркылуу Ооганстандагы Кыргызстандын элчилигин таап, ошолордун жардамы менен мекенибизге 6 адам кайтып келдик",- дейт жабырлануучу.
Таякеси жээнин кулчулукка сатканбы?
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(13)
SULUU-KYZ

29.01.2015. 14:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай жалгап аман эсен келип алганыныз эле чон жениш.Аларды Кудай озу жазалайт.
TM_Net

29.01.2015. 20:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таякене барып бир ысык салам айт эмне дээр экен...
iliaz-91-91

30.01.2015. 00:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу колдоптурда силерди.
azamat4ik

30.01.2015. 02:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тайкениз адам эмес экенго Аллах озу жазаласын!
Uli6886

30.01.2015. 10:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тага тага тага.....сага))))
kg.sity93

30.01.2015. 19:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болуптур. азыркы заманда тууганга да ишенич жок деген туура Бейм ..акылга сыйбагандык.адамгерчилик жок экен тууганынызда..
nurali20

SUPER.KG видео
31.01.2015. 16:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт!Италянецке чыкса чыккандыр да,ага мынча чычалап,актап.
sergo

SUPER.KG видео
01.02.2015. 16:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеничти да билбейсин бири бее десе бири тоо дейт. Чын эле бекер учуп барса жашаган жери жакшы болсо курсагы ток болсо дагы кочого таштап салбай 450евродон берсе может уч жолу пересадка менен учуп барган жолуна толошкондур.
danilka

SUPER.KG видео
01.02.2015. 19:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким озун мактайтго, Аман эле болсонор болду, туугандар бири-биринер менен урушуп талашпай....
mersedes2013

SUPER.KG видео
02.02.2015. 00:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыкты бир кудай билет эми.
Erniet

SUPER.KG видео
02.02.2015. 04:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын туугандар тил билбей ар кимге тууган урукка дос жорого тааныш билишке ишенип чет жерге жумушка кетпегиле Бул бир анан эч жерде бекер акча жок иштесең тиштейсиң Афганистан Ирак Иран Пакистан Сирия бул мамлекеттерге жакшы акча айтып иш чакырса ишенбегиле
rusana

SUPER.KG видео
02.02.2015. 13:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле эч кандай сатылгандыгы байкалбайт го, жашаган жери болсо, иштебейм десе айлыгын берип чыгарса. 5 жылдыздуу отельде жатып кайра келиптир. Эмнеси кулчулук? Боорун ачыса боорго тебет деген ушу да. Женил оокатты коздогон киши корунот...
chali

SUPER.KG видео
02.02.2015. 18:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы договор боюнча эки айлыгын бериш керек экен, тузүлгөн документтерин көрсөтпөйсүңөрбү. Ошол эки айлыгын алганыңардын өзү адам сатууга кирет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.