Кыргызстан мамлекеттик мекемеде иштеп Кыргыз тилин билбегенди жумушка алгандарды кошуп жоопко тартсын,
Мындай маңкуртчулукту токтотпосо кийин кеч болуп калат
Өткөндө учкундан басылган китептер базарлардан чыкты эле ошол эмне болуп чечилди бирөө жарым жоопко тартылдыбы жаңы жетекчи ошолорду жакшы караса болду
Ашыкча стадиондордун эмне кереги бар?
жаш үйбүлөлөргө келечеги узун шарттар түзүлсө жакшы болмок, айлык маяналар аз, тамак-аш продуктулар асман баага чыгып кетти,
уурулук азайган жок,
миграцияга тентип кеткен жаш Ата-энелердин туугандарына калып калган балдары кандай шартта күн кечирип жатканын көрсөңөр кана эми,
алыскы райондордо медициналык жардам көрсөтүү акысы кымбат жана шарты начар бойдон калууда
Биздин Айкөл жигиттер ушулар тарапка барса тосуп алмак турсун карап да коюшпайт,
буларды ырсаңдатып кымбат мейманканаларга жаткызганды токтоткула, акчаңар ашып жатса жетим жесир бейбечара майыптарга жардам бергиле
Урматтуу эл уулу жана элдик генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевич, сизди бүгүнкү 58 жаш курагыңыз менен чын дилимден куттуктайм, узун өмүр чың денсоолук каалайм, ардайым калың элдин алдында бар болуңуз
Сахнада ким ырдаса, жаштардын мээсинде ошол жаңырат. Жаштардын ички дүйнөсүн талкалоо үчүн согуштун кереги жок, болгону ырларды өзгөрт. Ушиптип олтуруп өз наркын, тилин барктабай калган жаштар, бөтөн элдин калдыгына суктанат.
Жогоку окуу жайларды, мектептерди онлайнга өткөрбөсө болбой калды. Пробкада эл чыдабай калды. Универден кыйратып деле окушпайт. Жаштарга айылдан эле билим алууга шарт түзүү зарыл
Баардык окуучуларга жеткендей китеп басып чыгарып койсоңор ошондой эч ким сатпай да албай да калат эле го. Силер сатпа деп кыйнайсынар, мугалимдер сатып алгыла деп атышат. Эмне кылат ошондо окуучулар???
Буга окшогон акмактарга эң катаал санкцияларды колдонуу керек. Көчөдөн бирөөгө кол көтөргөн айбандарга 2 ай камак жана 200 000 сом штраф бериш керек. Башкаларга сабак болуш үчүн мындай бузукуларга жаза бербесе, бузукулар эч качан азайбайт.